Бишкекте Элебесов көчөсүндөгү көлмөдө лотостор гүлдөдү

Коом 171 04 Август 2026 08:50
762719758_1730769354794888_2891906847172659608_n.jpg
760391773_3032909290423264_6885494646382092284_n.jpg
762831155_2276858833132315_1684895753924470285_n.jpg
762868551_1712117043413302_6298292461805255610_n.jpg
763276742_1059097273168723_3429195902373244207_n.jpg
763811107_1337619031688498_1935337733471056190_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкекте Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көлмөдө лотостор гүлдөп, аймактын көркүн ачты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган көлмөнүн айланасын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн көрдү.

Маалыматка ылайык, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аймак санитардык жактан тазаланган. Учурда подряддык уюм тарабынан көлдүн түштүк бөлүгүн көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында 51 түп арча отургузулуп, отургучтарды орнотуу уланууда. Ошондой эле тротуарга таман таштар жана бордюрлар төшөлүп бүттү.

Мындан сырткары, көлдү бойлой өтүүчү жөө адамдар жолуна асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда.