Бишкекте урология көйгөйлөрүн талкуулаган эл аралык конференция өтүүдө

Ден соолук 22 Август 2025 14:00
536272696_790566673370703_5994287607263184569_n.jpg
536267897_790566633370707_5218149879297477205_n.jpg
536272231_790566710037366_806882249739893469_n.jpg
536270747_790566613370709_6939775129315745570_n.jpg
536272068_790566626704041_7336725996578271751_n.jpg
536274987_790566636704040_2931706335594027391_n.jpg
536282986_790566616704042_3773796785916852099_n.jpg
536284843_790566630037374_8977455377791328393_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. 22-23-августта Бишкекте "Кавказ – Борбор Азия 2025" аттуу эл аралык урологиялык конференция өтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кавказ, Борбор Азия жана Европанын алдыңкы адистерин бириктирди.

Конференцияга Грузия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, ошондой эле Европа өлкөлөрүнөн, Түркия, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерден адистер катышууда.

Конференциянын ишин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев ачып, бүгүн Бишкекте Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана Европанын алдыңкы адистери чогулганын белгиледи.

"Мындай кеңири катышуу медицинада улуттук же географиялык чек жок экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргызстан үчүн бул конгрессти өткөрүү өзгөчө маанилүү, анткени ал жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат – алдыңкы европалык тажрыйбаларды киргизүү, кесиптик диалогду өнүктүрүү жана регионалдык медицинанын эл аралык аренадагы абалын чыңдоо", - деди министр.

Конференция Европа Урологдор ассоциациясынын (EAU) демилгеси менен, Эл аралык урологдор коомунун (SIU) колдоосу алдында өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулар белгилешкендей, мындай ири форумдун Бишкекте өтүшү Кыргызстанды эл аралык илимий кызматташуу жана медициналык билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча катары таанууну билдирет.