Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Анын алкагында улуу муундун өкүлдөрү үчүн маданий жана ден соолукту чыңдоого багытталган программалар уюштурулууда.
Бул саамалык улуу муунга көңүл буруу жана камкордук көрүү урааны алдындагы айлыктын алкагында Социалдык фонд тарабынан өткөрүлүп жатат. Ага борбор калаанын бардык райондорунан улуу муундун өкүлдөрү катышууда.
Майрамдын ачылышында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева быйыл улуу муунду колдоого багытталган иштер жаңы форматта уюштурулуп, активдүү узак жашоого шарт түзүүгө басым жасалып жатканын билдирди.
“Социалдык фонд активдүү узак жашоону стимулдаштырууга багытталган жаңы форматка өтүүдө. Бүгүнкү иш-чаралар Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында да өтүп жатат. Анын алкагында кытай гимнастикасынын бир түрү болгон тайчи боюнча машыгуулар өткөрүлүүдө.
Кытайда пенсионерлер сейил бактарда эртең менен тайчи менен машыгып, активдүү жашоо образын карманышат. Биз да жаз айларынан тартып Социалдык фонддун демилгеси менен сейил бактарда тайчи боюнча акысыз машыгууларды уюштурууну пландап жатабыз. Бул ден соолукту чыңдоого жана активдүү узак жашоого шарт түзөт”, – деди ал.
Анын айтымында, октябрь айынын ар бир дем алыш күнүндө улуу муундун өкүлдөрү үчүн ар түрдүү программалар уюштурулат. Ага саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жана соода түйүндөрү сыяктуу өнөктөштөр катышып, медициналык экспресс-текшерүүлөрдү өткөрүп, белектерди жана маданий программаларды сунуштайт.
Жуматаева Социалдык фонддун пландарында Бишкек жана ири шаарларда пенсионерлер үчүн эс алуу жана баарлашуу үйлөрүн түзүү да каралып жатканын айтты. Ал жерлерде маданий программалар, шахмат оюндары жана башка коомдук жолугушуулар акысыз уюштурулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, быйыл 100 жаштан ашкан пенсионерлерди Социалдык фонддун жетекчилиги үйлөрүнө барып куттуктап, белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырат.
“Биздин улуу муундун өкүлдөрү – кадырлуу жарандарыбыз жана акылман кеңешчилерибиз. Эл аралык карылар күнү менен куттуктайбыз. Сиздерге бекем ден соолук, активдүү узак өмүр жана жашооңуздарда жагымдуу окуялар көп болушун каалайбыз”, – деди Гүлнур Жуматаева.
Майрамдык программа тайчи боюнча машыгуу менен уланууда, андан соң концерт тартууланып, ден соолукту текшерүүгө багытталган медициналык кароолор өткөрүлөт.