Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. 21-сентябрда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Nomad Sport коомдук бирикмеси Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштуруп, алтын ирет өтүүдө.
Марафон борбордун негизги көчөлөрү: Чүй проспектиси, Ю. Абдрахманов көчөсү, Ч. Айтматов проспектиси жана башка белгилүү жайлар аркылуу өтөт. Башкы старттык аймак — «Ала-Тоо» аянты, ал эми 5 км аралыктагы чуркоо «Манас» кинотеатрынын алдынан (Ч. Айтматов проспектиси, 47а) башталат.
Катышуучулар 5 км, 14 км, 21,1 км жана 42,2 км аралыкты тандашат. Ал эми балдар үчүн атайын Kulikov Kid’s Run чуркоосу уюштурулуп, анда 100, 300, 500 метр жана 1 км аралык бар.
Старттын убактысы:
- 07:00 — марафон 42,2 км
- 07:05 — жарым марафон 21,1 км
- 07:10 — 14 км
- 09:00 — 5 км
- 11:00 — Kulikov Kid’s Run
- 10:00–14:30 — жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана байгелерди ойнотуу
- 15:00 — иш-чаранын аякташы.