Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 4-5-декабрда Бишкектегы "Шератон" мейманканасында "Корея жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташтык аянтчасы 2025" аттуу бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кореянын Соода, өнөр жай жана энергетика министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси, Тышкы иштер министрлигинин жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын рынокторуна экспортко багытталган корей компаниялары, дистрибьюторлор, чекене сатуучулар, логистикалык операторлор жана консалтинг компаниялары катышат.
Иш-чаранын максаты – чакан жана орто бизнестердин сатуунун каналдарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жөнгө салуу, сертификация, логистика боюнча маалымат алуу, ошондой эле корей-кыргыз өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.
Бул аянтча ата мекендик ишкерлерге корей компаниялары менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын бизнеси менен көп форматтагы жолугушууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.
5-декабрда саат 10:00дө "Дордой Плаза" соода борборунун 2-кабатында керектөөчү товарлардын Корея — Борбор Азия биргелешкен промо-көргөзмөсү өтөт. Иш-чарада корей товарлары кенен аудиторияга, сатып алуучуларга сунушталып, товардын үлгүлөрүн чекене сатууга жана өндүрүүчүлөр менен түз баарлашууга шарт түзүлөт.