Бишкекте дзюдо боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды

Спорт 19 Сентябрь 2025 14:00
548017747_1105178135128741_9121428417379456022_n.jpg
547268656_1105178065128748_1577770451445514652_n.jpg
548986872_1105177738462114_6460525685011799926_n.jpg
548214581_1105177708462117_8056723894017871807_n.jpg
548608559_1105177731795448_1235475855140979178_n.jpg
548721319_1105177885128766_4212483992076723236_n.jpg
548792791_1105178041795417_8353529625505372705_n.jpg
548817208_1105177948462093_3155528887996691535_n.jpg
548923982_1105177835128771_753237652918774567_n.jpg
549281664_1105178005128754_3067474607637011610_n.jpg
549992506_1105178158462072_5088222690908532120_n.jpg
550069108_1105177915128763_4317152286466908638_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Бишкекте Жаныбек Алыкулов атындагы дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Төрага ачылыш аземинде жаңы курулган имарат мыкты спортчулар тарбияланып, тапталып чыккан куттуу спорттук жай болсун деген тилегин билдирди.

"Акыркы төрт жыл аралыгында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги менен көптөгөн спорттук мекемелер салынып, сергек жашоо образын жайылтууга өзгөчө көңүл бурулууда. Натыйжада спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып, кызыл байрагыбызды желбиретип келишүүдө. Бул албетте башталышы гана. Жакынкы жылдары саламат коомду түптөөгө багытталган иштер өз жемишин берип, спорчуларыбыз журт намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргошот деген ишеничтемин", – деди.

Ошондой эле жаңы курулган мектепке көрүнүктүү маданият ишмери Жаныбек Алыкуловдун ысымынын ыйгарылышы бекеринен эмес экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу залкар куудул чыгармачылыктан сырткары футбол, баскетбол жана шахмат оюндарынын чебери болгонун белгиледи. "Кыска өмүрүндө кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө гана кызмат кылбастан, кыргыз спортун дүйнөгө тааныта турган уулду да тарбиялап өстүргөн. Тагыраагы, Гүлжигит Алыкулов аттуу уулу футбол боюнча мыкты оюн көрсөтүп, эл аралык мелдештерде элибиздин намысын коргоп келет. Андыктан, аты ыйгарылган бул мектептен да кызыл байрагыбызды желбиреткен атактуу спортчулар чыгарына үмүтүбүз чоң", – деп кошумчалады.

Муну менен катар мектептин ичин көрүп, андагы жаш спортчулар менен жолугушкан Нурланбек Тургунбек уулу: "Спорт бул жеңиши таттуу болгону менен талыкпаган эмгекти жана сабырдуулукту талап кылган чоң иш. Ошондуктан түзүлгөн шарттарды жакшы пайдаланып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө бериңиздер. Биз сиздердей мыкты улан-кыздарыбыз менен сыймыктанып, жеңишиңиздерге гана күбө боло берели", – деген тилегин айтты.

Андан соң төрага Нурланбек Тургунбек уулу Камчыбек Ташиев менен бирге мектептин алдына чынар теректин көчөттөрүн олтургузушту.