Бишкекте Дубосековская кыска көчөсүн оңдоо иштери башталды

Коом 8 сентябрь 2025 17:30
2021-10-01_16-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2025-09-08 at 15.35.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-08 at 15.35.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-08 at 15.35.56 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Бишкекте Дубосековская кыска көчөсүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Кайназаров көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейинки тилкедеги Дубосековская тилкесин капиталдык оңдоого киришти.

Учурда эски асфальтты алуу иштери аяктап, ирригациялык система орнотулуп, асфальт төшөө үчүн негиз даярдалууда.

Белгилей кетсек, иштер 2025-жылдын титулдук тизмесинин алкагында жүргүзүлүүдө.

Муниципалдык ишкана тургундардан жана айдоочулардан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.