Бишкекте дроппер шылуундук схемасына шектелип 40тан ашык адам кармалды

Укук тартиби Загрузка... 03 Октябрь 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 03.10.25. / Кабар/. Бишкек шаарында дроппер аталган шылуундук схемага катышты деп шектелген 40тан ашык жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында келтирилген жалпы зыян 15 миллион сомдон ашкан.

Шектүүлөр интернет аркылуу жарандарды жеңил жол менен акча табууга үгүттөп, негизинен жаштар, пенсионерлер жана кошумча киреше издеген адамдарды тартышкан. Аларга банк карталарын ачуу, акча каражаттарын өткөрүп берүү же үчүнчү жактарга пайдаланууга берүү сунушталган. Көпчүлүк учурда жарандар бул аракеттердин мыйзамсыз экенин түшүнүшкөн эмес.

Ички иштер министрлиги мындай аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-эскертмесинде каралганын жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине — мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алып келерин эскертет. Схеманы билбегендик шылтоо боло албайт.

Укук коргоо органдары жарандарды банк карталарын, SIM-карталарын жана мобилдик тиркемелерге жетүү мүмкүнчүлүгүн үчүнчү тараптарга бербөөгө чакырат. Эгерде мыйзамсыз иштер аныкталса, дароо милицияга кайрылуу керектиги белгиленет.