Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 13 Февраль 2026 15:33
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрт Ч.Айтматов проспектинде жайгашкан дүкөндөрдүн биринин чатырынан чыккан.

"Тилсиз жоону өчүрүүүгө 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.