Бишкек, 06.05.25. /Кабар/. 3-майда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII эл аралык мелдеши жыйынтыкталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан катышкан мушкерлер 32 медаль (9 алтын, 7 күмүш, 16 коло) жеңишти.
Алтын медалдын ээлери:
51 кг Анваржон Ходжиев;
60 кг Рыспек Бектенов;
63.5 кг Мирозахид Имамназаров;
67 кг Аскат Чомоев;
71 кг Ихтияр Нишанов;
75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
92 кг Бакыт Токтосун уулу;
+92 кг Мырзакир Кошалиев;
Күмүш медалдын ээлери:
48 кг Эржигит Анарбек уулу;
54 кг Нуржигит Дүйшеев;
57 кг Ислам Төрөбаев;
60 кг Тургунбек Иманкадыров;
67 кг Алмаз Орозбеков;
80 кг Сагын Сатыбалды уулу;
86 кг Эркин Адылбек уулу;
Коло медалдын ээлери:
48 кг Дурусбек Айтматов;
51 кг Жеңиш Улпатов;
54 кг Кайрат Калмуратов;
54 кг Актилек Доктурбаев;
57 кг Элхан Молдогазиев;
57 кг Анарбай Мурзабаев;
63.5 кг Александр Мартиник;
63.5 кг Урмат Аманкулов;
67 кг Айбаз Орозбеков;
67 кг Омар Ливаза;
75 кг Сыргак Абдыжапар уулу;
75 кг Исламбек Тургунов;
86 кг Бекзат Танатов;
86 кг Азим Чойбеков;
92 кг Нурсултан Болотбеков;
+92 кг Ооматбек Элчоро уулу.