Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Бишкекте 28-29-30-май күндөрү өлкө башчынын колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өттү.
Фестивалдын алкагында бир нече мамлекеттен келген эпостук мурасты изилдеген эпос таануучулар жана окумуштуулар үчүн эл аралык илимий практикалык симпозиум, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар, ошону менен бирге көчмөн элдердин турмуш философиясын кеңири чагылдырууга багытталган эл аралык “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуттук каада-салттардын жана ырым-жырымдардын мыктысы”, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу Сейтек айтуучулар арасында “Мыкты-сейтекчи” сынактары өткөрүлдү.
Үч күнгө созулган фестиваль бүгүн Турдакун Усубалиев атындагы аянтта театрлаштырылган гала концерт менен жыйынтыкталды.
Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өтүп, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн өнөрпоздору эпикалык чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.
Фестивалдын алкагында өткөн эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуттук каада-салттардын жана ырым-жырымдардын мыктысы”, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу өткөрүлгөн “Мыкты сейтекчи” сынактарынын жеңүүчүлөрү бар.
Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпостук мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу. Бул иш-чара Кыргызстанды эпикалык мурасты сактоо боюнча эл аралык деңгээлде таанытты.