Бишкекте майыптыгы бар жарандар үчүн заманбап пандустарды орнотуу иштери уланууда

Коом 22 февраль 2025 14:11
125f9850-4281-4ab0-95d1-27bbb582f83a.jpeg
480432433_1060562572786263_5591144124067280081_n.jpg
480809814_1060562576119596_966235397519618204_n.jpg
481077401_1060562642786256_1180498791963708083_n.jpg
480717876_1060562569452930_1470610254706374962_n.jpg
480837267_1060562932786227_6138276641043226694_n.jpg
480817111_1060562742786246_5403452458815897988_n.jpg
Алдыга
Артка
125f9850-4281-4ab0-95d1-27bbb582f83a.jpeg
480432433_1060562572786263_5591144124067280081_n.jpg
480809814_1060562576119596_966235397519618204_n.jpg
481077401_1060562642786256_1180498791963708083_n.jpg
480717876_1060562569452930_1470610254706374962_n.jpg
480837267_1060562932786227_6138276641043226694_n.jpg
480817111_1060562742786246_5403452458815897988_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн заманбап пандустарды орнотуу иштери уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана «Жаңы доор» коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов кезектеги пандустарды кабыл алышты.

Бул жолу “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунун жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жанына пандустар орнотулду.

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча конструкциялар толугу менен заманбап стандарттарга жооп берет: металл элементтер даттан коргоо үчүн сырдалган; Коопсуз пайдалануу учун ыңгайлуу кармагычтар орнотулган, пандустардын бурчу 8 градустан ашпайт, бул алардын ары-бери кыймылына ынгайлуу.

Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн унаа токтотуучу жайларды уюштуруу иштерин жүргүзүүдө. “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жана Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жана Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жанына атайын жол белгилери коюлду.

Белгиленгендей, атайын «Майып» деген белги бар жерлерге айдоочулар токтой беришет, муну менен майыптардын унаасы менен кирүүсүнө чектөө коюлууда. Жол эрежесин бузган автоунаалар окуя болгон жерден сүйрөп чыгарылды.

Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына ГОСТ стандартына ылайык 8,17 «Майыптар», 6,4 «Унаа токтотуучу жай (паркинг)» жол белгилери орнотулган аймактарды текшерүү боюнча рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

"Бул демилге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эми алар балдарды жана жаштарды өнүктүрүү борборлоруна, китепканаларга жана башка мекемелерге ээн-эркин барып, аларда билим алып, чыгармачылык жөндөмүн жана руханий маданиятын өстүрө алышат",-деп айтылат маалыматта.