Бишкекте дээрлик 505 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 18:03
1709268415.1638603404.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Бишкекте баасы 504 млн 955 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүнөн мыйзамсыз берилген баасы 504 млн 955 миң сомдук 4,3 га жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Кайтарылган жерлер министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына коюлду.