Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бишкекте 229га жакын турак үйдүн фасаддары оңдолду. Айрым объектилерде иштер улантылып, акыркы баскычында жүрүп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, шаарда жүргүзүлүп жаткан иштер алдыда өтө турган саммитке даярдык менен гана байланыштуу эмес. Шаарды көрктөндүрүү, үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңылоо жана жарыктандырууну жакшыртуу Бишкекти өнүктүрүүгө жана өзгөртүүгө багытталган.
"Биз Бишкекте масштабдуу иштерди саммит үчүн гана жүргүзүп жаткан жокпуз. Ал аяктагандан кийин бул иштер элге калат. Тескерисинче, бардык иштер шаарды өнүктүрүүгө жана өзгөртүүгө багытталган", — деп белгиледи мэр.
Ал пландалган иш-чаралардын көлөмү чоң болгондуктан, иштер кыска мөөнөттө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Даярдыктын алкагында турак үйлөрдүн фасаддары жана айланасы да иретке келтирилип, жарыктандыруу жакшыртылууда.