"Кыргызфармация" борборлоштурулган кампасын курууда

Коом 21 май 2025 15:05
499598657_720518737042164_2785460649478647005_n.jpg
499458289_720519930375378_5780040164378899171_n.jpg
499551183_720517133708991_3926647033757985247_n.jpg
499759739_720517023709002_2317148136574743704_n.jpg
499781472_720517083708996_7791015378397386923_n.jpg
499834161_720517050375666_8541178027968251153_n.jpg
499879871_720517080375663_5803151337116234951_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы борборлоштурулган өз кампасын түзүүгө киришти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жооптуу болуп саналат.

"Кыргызфармация" МИнин директору Талант Султановдун айтымында, бүгүнкү күндө ишкана республиканын аймагындагы 300гө жакын медициналык уюмду камсыздап келет. Суроо-талап өсүп жаткандыктан жана сактоо шарттарында эл аралык стандарттарга жооп берүү муктаждыгы логистикалык базаны чыңдоону талап кылууда.

Фармацевтикалык инфраструктураны өнүктүрүү алкагында, мурдагы «Айдан Фарма» заводу жайгашкан аймактан жалпы аянты 2000 м² болгон кампа жайлары ишкананын карамагына берилди. Учурда бул жерде капиталдык оңдоо иштери жүрүп, кампаны “дистрибьюторлуктун мыкты тажрыйбаларына” (GDP) ылайык келтирүү үчүн модернизация иштери башталды.