Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Бишкектеги Нуркожо-Ата жана Адилет жаңы конуштарынын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды. Бул тууралуу мэрия билдирет.
Маалыматка ылайык, Нуркожо-Ата жаңы конушунда борбордук көчөгө кубаттуулугу 100 Вт түзгөн 56 даана заманбап LED чырак орнотулуп, 1 708 метр жерге СИП 4×16 үлгүсүндөгү коопсуз электр зымы тартылды.
Ал эми Адилет жаңы конушунда борбордук көчөнүн боюна 100 Вт кубаттуулуктагы 15 даана чырак коюлуп, 656 метр узундуктагы жерге СИП 4×16 зымы тартылып бүткөрүлдү.
Орнотулган заманбап LED чырактар электр энергиясын үнөмдөө менен бирге, түнкүсүн көчөлөрдү сапаттуу жарыктандырууну камсыз кылат. СИП зымдары аба ырайынын ар кандай катаал шарттарына чыдамдуу келип, авариялык абалдардын алдын алат.