Бишкекте “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу эл аралык форум өттү

Маданият Загрузка... 11 Июнь 2025 09:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Кечээ, 10-июнда Улуттук илимдер академиясында “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу эл аралык форум өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Форум түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү максатында уюштурулду.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Түркиядагы Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору Ильяс Топсакал, Казакстан жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкенов, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары Акмал Саидов, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор жана маданият өкүлдөрү катышты.

Форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы, анын дүйнөлүк жана түрк маданиятына кошкон салымы тууралуу ар кыл темада баяндамалар жасалды.