Бишкекте "Чыңгыз Айтматов планетасы" аттуу интеллектуалдык иш-чара өтөт

Маданият Загрузка... 21 Ноябрь 2025 11:25
a3cae5feb7bb4b8099d08fabdf4f912e.png
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун керемет дүйнөсүнө жол ачкан "Чыңгыз Айтматов планетасы" аттуу оюн-зоок менен коштолгон интеллектуалдык иш-чара (квиз) өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, оюн 27-ноябрда саат 15:00дө Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы корпусундагы чоң залында өтөт.

Иш-чаранын программасы:

  • Айтматовдун турмуш жолу боюнча "орбиталык" саякат;
  • анын романдары менен повесттеринин "материктерине" конуу;
  • киноленталарын, чыгармаларынын үн дүйнөсүн изилдөө;
  • дүйнөлүк адабиятка из калтырган легендарлуу каармандар менен «жүзмө-жүз» таанышуу.

Бул квиз — экзамен эмес, жазуучунун керемет дүйнөсүнө кызыктуу саякат. Айрым чыгармаларды толук окуп жетишпегендер үчүн да тапшырмалар жеңилдетилген логикалык суроолор, визуалдык табышмактар жана аудио-белгилер менен коштолот.