Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өттү

Коом 14 апрель 2025 15:18
1744617105.jpeg
1744617095.jpeg
1744617091.jpeg
1744617087.jpeg
1744617083.jpeg
Алдыга
Артка
1744617105.jpeg
1744617095.jpeg
1744617091.jpeg
1744617087.jpeg
1744617083.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү.

Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.