Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 17 Апрель 2026 16:00
672182847_1299331442293195_6778896109114819782_n.jpg
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 112 кызматына Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышкан.

Учурда сөөк укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.