Бишкекте үч мунарадан турган 21 кабаттуу комплекстин курулушу башталды

Министрлер кабинети 1647 18 Май 2025 08:15
682854ef4ddf3.jpeg
682854ef5e472.jpeg
682854ef08d41.jpeg
682854eed0d31.jpeg
682854eec10e6.jpeg
682854ee6578f.jpeg
682854ee51fd9.jpeg
682854ee238b8.jpeg
682854edb2ba1.jpeg
682854eda2d4d.jpeg
682854ed7edce.jpeg
682854ed6eea2.jpeg
Алдыга
Артка
682854ef4ddf3.jpeg
682854ef5e472.jpeg
682854ef08d41.jpeg
682854eed0d31.jpeg
682854eec10e6.jpeg
682854ee6578f.jpeg
682854ee51fd9.jpeg
682854ee238b8.jpeg
682854edb2ba1.jpeg
682854eda2d4d.jpeg
682854ed7edce.jpeg
682854ed6eea2.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте жаңы көп функционалдуу комплексти куруу үчүн мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө мезгил кутусу салынган жерге үч мунарадан турган заманбап 21 кабаттуу комплекс куруларын, анда коопсуздукту, ыңгайлуу логистиканы жана жагымдуу көрүнүштү камсыз кылган алдыңкы технологиялар колдонуларын баса белгиледи.

Минкаб төрагасы "Бета Иншаат Ятырымжылык" компаниясынын Бишкектин соода инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымына баа берип, "Бета Сторес" соода борборлорунун тармагынын ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Ал түрк инвесторлоруна Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним билдирди.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө басым жасап, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү олуттуу өскөнүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды мындан ары жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы акыркы жылдары Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш жана инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык маселелерди чечүү боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалымдады. Тактап айтканда, ал борборду жайгаштыруу боюнча пландарды белгилеп, бул комплексте 550дөн ашык орундуу унаа токтотуучу паркинг каралаарын айтты. 

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Бишкек таза абасы, кең көчөлөрү, спорттук комплекстери жана маданий объектилери менен заманбап, экологиялык жана жашоого ыңгайлуу шаарга айланарына ишенимин билдирди. Ал долбоордун ишке ашырылышына ийгилик каалап, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.