Бишкек, 20.09.25. /Кабар/. Бишкекте үч күнгө бир нече автобустун кыймылы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкеси 19-22-сентябрга чейин үч күнгө убактылуу жабылганына байланыштуу төмөнкү каттамдардын кыймылы өзгөрдү:
№ 23, 103, 107, 222, 227, 7Т, 8Т, 135, 132, 133, 134, 161, 204, 295.
Бул каттамдар убактылуу башка көчөлөр менен жүрөт.
Мындан улам мэрия жүргүнчүлөргө убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.