Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Коом Загрузка... 18 Декабрь 2025 18:28
trojnyashki-850x560.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 18.12.25 /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Тимурлан Жунусакуновдун үй-бүлөсүндө үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу УТРК Нарын билдирет.

Ымыркайлар Бишкек шаарындагы төрөт үйүндө 11-декабрда төрөлгөн.

“Сезимдерди айта албайм. Укканда аябай сүйүндүк. Кыздарымдын ысымын Тунук, Сезим жана Актилек деп өзүм койдум. Жубайым тараптан эгиз балалуу болгон туугандарыбыз бар. Азыр Бишкек шаарындагы төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Балдарымдын да, жубайымдын ден соолугу жакшы”,-деди кыздардын атасы.

Жубайлар буга чейин бир уул, 4 кызды тарбиялап келишкен. 42 жаштагы Элиза Нурсеитова А.Абдраимов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенет.