Бишкекте БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын ишке ашыруу боюнча конференция өтүүдө

Коом 12 ноябрь 2025 18:48
582519595_1157205366598514_7745828087148877691_n.jpg
582327750_1157205286598522_1102657543674041594_n.jpg
581967009_1157205576598493_5250194948272712508_n.jpg
581938738_1157205133265204_3672573917381249053_n.jpg
581932638_1157205336598517_8734890162840782737_n.jpg
581813975_1157205333265184_3732010417667633850_n.jpg
581795624_1157205556598495_2733351338110478865_n.jpg
581619527_1157205396598511_1989295744852819589_n.jpg
580994341_1157205259931858_2070289012348858905_n.jpg
580479486_1157205473265170_2596226379521088238_n.jpg
580444972_1157205306598520_3521042672236318817_n.jpg
579988674_1157205209931863_8589735379748022147_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. 12-13-ноябрда Бишкекте БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын (UNCAC) тездетип ишке ашыруу боюнча Регионалдык платформанын экинчи жылдык конференциясы жана Борбор Азиянын ишкердик ак-ниеттүүлүк тармагынын (CABIN) жыйыны өткөрүлүүдө.

Иш-чара Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыш боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.

Конференциянын ачылышында башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов жана БУУ БКБнын Афганстан, Борбор Азия, Иран жана Пакистан боюнча өкүлү доктор Оливер Штольпе сөз сүйлөштү.

Маатов өз сөзүндө БУУнун коррупцияга каршы конвенциясы Кыргызстан үчүн коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүүнүн стратегиялык негизи экенин белгилеп, эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу укуктук институттарды чыңдоого жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Конференцияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн антикоррупциялык органдарынын жетекчилери жана эксперттери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана жарандык коомдун мүчөлөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында активдерди кайтаруу, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, маалымат берүүчүлөрдү коргоо, санариптештирүү жана криптоактивдер аркылуу жасалуучу мыйзам бузууларга каршы күрөш сыяктуу маселелер талкууланууда.

Ошондой эле ушул жылдын декабрь айында Доха шаарында өтө турган Конвенцияга катышуучу мамлекеттердин 11-сессиясына карата Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен резолюциясынын долбоору даярдалууда.

Форумдун катышуучулары Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө, коррупцияга каршы күрөштө заманбап технологияларды колдонууга жана коомдук турмуштун бардык тармактарында ак-ниеттүүлүк менен жоопкерчиликтин принциптерин илгерилетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.