Бишкекте бош орундар жарманкесинде 5 миңден ашуун жумуш орду сунушталды

Коом 2 октябрь 2025 14:09
558163097_1250869310416073_8051728194647422211_n.jpg
558043081_1250869157082755_8651743163810448204_n.jpg
557750878_1250868677082803_6711963246773914825_n.jpg
557701160_1250869087082762_8532893668809043927_n.jpg
557635709_1250868727082798_4671967117028788686_n.jpg
557388347_1250869193749418_9132845550529652294_n.jpg
557245700_1250868750416129_8341427249811889157_n.jpg
557216998_1250868693749468_3240473213775398401_n.jpg
556938522_1250869090416095_5634439628063327046_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бишкекте "Бош орундар жана карьера жарманкеси" өтүп, 5 миңден ашуун жумуш орундары сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жарманке Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан "Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышып, министрлик жумуш издеп жүргөн жарандарды ишке орноштурууга активдүү көмөктөшүп келерин белгиледи.

"2025-жылдын 1-сентябрына карата активдүү иш менен камсыз кылуу чараларынын алкагында (коомдук акы төлөнүүчү иштер, кесиптик окутуу, социалдык контракт) эмгек рыногуна 20 484 жумушсуз жаран тартылды. Иш менен камсыз кылуу кызматынын колдоосу менен 9 798 адам ишке орношту. Мындай жарманкелерди өткөрүү да адамдарга жумуш табууга натыйжалуу ыкма болуп саналат. Бүгүн 100дөн ашуун ишкана 5миңден ашык жумуш орундарын сунуштап жатат. Сиздер түздөн-түз иш берүүчүлөр менен баарлашып, тестирлөөдөн өтүп, адистерден кеңеш ала аласыздар. Ушундай жарманкелер октябрь айында өлкөнүн бардык региондорунда өтөт", - деди ал.

Жарманкеде жарандар борбор калаанын ишканаларынын жумуш орундарын көрүп, кесиптик тестирлөөдөн өтүп жана адистерден консультация ала алышты. Окуучулар жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн профориентациялык тесттер жана келечектеги кесипти тандоо боюнча консультациялар уюштурулду.