Бишкек 17.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарында 13-15-июнь күндөрү Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасы болуп өттү. Бул иш-чаранын өткөрүлүп келе жатканына быйыл 10 жыл болгонун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, фестиваль 3000ден ашуун катышуучунун башын бириктирип, арасында жашы 2,5 жаштан 82 жашка чейинки бийчилер болгон. Казакстан, Өзбекстан, Россия, Швейцария, Корея, Япония, Индия, Малайзия жана башка өлкөлөрдүн 40тан ашык шаарларынан өкүлдөр келген.
Программада — 56 бий жана 60 спорттук тармак камтылып, ориентал, болливуд, чир-спорт, фламенко, street dance, modern, джаз жана башка көптөгөн жанрлар болгону айтылат.
BEST OF THE BEST аттуу атайын финалдык шоуда эл аралык калыстар тобу ар кыл жанр боюнча мыктыларды тандап, Алматы шаарынан келген “Дух Кавказа” бий ансамбли жеңүүчү деп табылган.
“Иш-чара КРнын Заманбап эстрадалык бий федерациясы, Контемпорари жана модерн спорттук өнөр федерациясы, КРнын чир спорту боюнча союзу жана Мажореткалар жана батон твирлинг боюнча спорттук федерациясы тарабынан уюштурулду”, - деп айтылат маалыматта.