Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму башталды

Саясат Загрузка... 23 Сентябрь 2025 11:11
hd-1758279134449.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия мамлекеттеринин «Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум башталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда.

Ал эми Түркмөнстандын атынан аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев келди.

Тараптар форумдун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулай тургандыгы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстанда, ал эми 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.