Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов КР эл артисти, көрүнүктүү режиссер жана педагог Бообек Ибраевдин 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечесинде куттуктоо сөзүн айтты.
Салтанаттуу иш-чарага маданият ишмерлери, театр чеберлери, чыгармачыл интеллигенция жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Бообек Ибраевдин кыргыз театр өнөрүнө кошкон зор салымын белгилеп, анын режиссурадагы өзгөчө таасын ыкмасы, педагогикалык ишмердүүлүгүжана залкар инсандарды тарбиялаган эмгеги – кыргыз маданиятынын тарыхында өчпөс из катары кала берерин баса белгиледи.
Иш-чара КР президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө жарлыгынын алкагында өттү.