Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Спорт Загрузка... 22 Апрель 2025 12:14
492412320_694865989553288_2068846087017414928_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII эл аралык мелдеш өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия , Ирак, Азербайжан, Монголия, Түркмөнстан Беларусь жана Испаниядан 200дөн ашык спортчу спортчу катышары күтүлүүдө. 29-апрель күнү башталган мелдеш 3-май күнү жыйынтыкталат.

Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.