Бишкекте биз колдонгондон кийинки саркынды суулар кандай тазаланат?

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 17:43
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкек шаардык "Бишкексууканал" мекемесине барып, шаардагы саркынды сууларды тазалоо курулмаларынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тазалоо курулмаларынын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метр саркынды сууну түзөт. Бул көлөмдөгү суулар толук биологиялык тазалоодон өтүп, айлана-чөйрөгө коё берилүүчү нормативдик чектен ашпаган деңгээлге чейин тазаланат.

Учурда реалдуу агып келген саркынды суулардын көлөмү орто эсеп менен суткасына 240–250 миң куб метрди түзүүдө.

Сууну тазалоо үч баскычта жүргүзүлөт:

  1. Механикалык тазалоо – торлор жана кум кармагычтар аркылуу ири таштандылардан арылтуу.
  2. Биологиялык тазалоо – аэротенкте микроорганизмдердин жардамы менен органикалык булгандууларды кычкылдандыруу.
  3. Дезинфекциялоо жана суу калдыктарын кургатуу – тазаланган саркынды сууну хлор менен залалсыздандыруу жана ылай калдыктарын иштетүү.

Министрдин сапарынын жүрүшүндө ишкананын директору Ч. Жумалиев саркынды сууну тазалоо процесси тууралуу толук маалымат берип, бардык технологиялык этаптар менен тааныштырды.

Тазалоо курулмалары төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  • Механикалык тазалоо цехи: торлор, кум кармагычтар, баштапкы тунгучтар (радиалдык).
  • Биологиялык тазалоо цехи: төрт коридорлуу аэротенктер, аба берүүчү станция, экинчи тунгучтар.
  • Дезинфекциялоо жана калдыктарды кургатуу цехи: хлоратор, ылай жана кум аянтчалары.

Кошумча тазалоо үчүн жалпы аянты 40 гектарды түзгөн төрт биологиялык көлмө (ар бири 10 гектардан) каралган.

Бишкек шаарындагы саркынды сууларды тазалоо курулмалары 1977-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми 1981-жылы биологиялык тазалоо комплекси толук курулуп бүткөн.

2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын мэриясы (МП «Бишкекводоканал») менен SFC “Investment Development for Environment Corporation” (Вьетнам) аттуу акционердик коомдун ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Макулдашуунун мөөнөтү 16 жылды түзөт.

Учурда объектте масштабдуу реконструкция иштери жүрүп жатат. Иш-чаралардын алкагында заманбап технологиялар колдонулуп, ультрафиолет менен дезинфекциялоо жана жытты нейтралдаштыруу системалары киргизилүүдө.