Бишкекте биринчи жолу кабаттуу унаа токтотуучу жай орнотулууда

Коом 10 Март 2025 11:11
483799339_1074953264680527_3957536960461201592_n (1).jpg
482807794_1074953564680497_4419741469814756696_n.jpg
483761281_1074953491347171_8236860128473672821_n.jpg
482807304_1074953488013838_153505420836830516_n.jpg
483849404_1074953368013850_7836418579723847323_n.jpg
482827610_1074953371347183_158562679711188319_n.jpg
483574038_1074953274680526_6659976171239440238_n.jpg
482807515_1074953278013859_4246219874049784584_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Борбор калаада алгачкы ротордук унаа токтотуучу жай орнотулууда.

Мэриядан билдиришкендей, Орто-Сай базарынын аймагында «Муниципалдык унаа токтоочу жай, унаа токтоочу жайлар жана базарлар» муниципалдык ишканасынын адистери «Могилевлифтмаш» ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте 10 унаа токтотуучу жайга конструкцияны монтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуп жаткан унаа токтотуучу жайдын орнотулушу менен таанышып, аталган жай тесттик режимден соң ишке берилерин айтты.

Мындан тышкары, калаа башчысы базардын аймагындагы 252 унаага эсептелген жер төлөсү бар көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушунун жүрүшүн текшерип, курулуш иштерин ушул жайга бүтүрүү пландалганын белгиледи.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын мэриясы унаа токтотуучу жайлардын ар кандай түрлөрүн караштырууда. Жетиштүү орундары бар аймактарда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар пландаштырылат, ал эми бош орундары чектелген жерлерде ротордук унаа токтотуучу системаларын орнотууну пландоодо.

"Бул долбоорлорду ишке ашыруу борбордогу унаа токтотуучу жайлардын абалын бир топ жакшыртат",-деп айтылат маалыматта.