Бишкекте биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө 3 унаа берилди

Ден соолук Загрузка... 16 Май 2025 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Бишкек мэриясына биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө 3 автоунаа берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, унаалар Бишкек шаарынын мэриясы менен “Кызыл Жарым Ай” улуттук коомунун биргелешкен кызматташтыгынын, ошондой эле шаардын саламаттык сактоо системасынын ишин жакшыртуунун алкагында берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы оорулууларды ташуу үчүн медициналык кызматтын автоунааларынын бирин Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгына өткөрдү.

Калган эки автоунаа Бишкек шаарынын тез жардам борборуна тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев автоунаалардын ачкычтарын айдоочуларга тапшырып, транспорт каражаттары шаардыктардын жашоо шартын жакшыртууга көмөктөшүп, борбор калаанын социалдык инфратүзүмдүк маселелерин чечүүдө пайдалуу ресурс болот деген ишенимин билдирди.