Бишкекте жол кирени накталай эмес төлөөгө толук өтүү башталды

Коом 413 02 Июль 2026 15:35
735761329_27217213957944086_7553123611772757896_n.jpg
735210763_852651417601312_6080275020538964405_n.jpg
735704580_1030912122963824_215769522001469407_n.jpg
736575012_3647467665391673_549549419306633770_n.jpg
735553007_1034098219009392_7307462755244495515_n.jpg
735287112_2833811393650853_3629705794760300070_n.jpg
Алдыга
Артка
735761329_27217213957944086_7553123611772757896_n.jpg
735210763_852651417601312_6080275020538964405_n.jpg
735704580_1030912122963824_215769522001469407_n.jpg
736575012_3647467665391673_549549419306633770_n.jpg
735553007_1034098219009392_7307462755244495515_n.jpg
735287112_2833811393650853_3629705794760300070_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. Бишкекте бир күндө 720 миңден ашык жүргүнчү жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөдү. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукканда билдирди.

Мэр белгилегендей, жаңы төлөм тутумун киргизүү транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

“Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи. Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат.

Мындан тышкары, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөт.

Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ташуулардын коопсуздугуна өзгөчө бурууга жана кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 1-июлдан тартып Бишкек шаарында жол кирени төлөөнүн альтернативдүү системасына толук өтүү күчүнө кирди. Жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары, ошондой эле QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат. Бир жолку электрондук билетти колдонгондор үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.