Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү. Себеби

Коом 1083 07 Апрель 2025 16:31
IMG-20241018-WA0028.jpg
1744020573.jpg
1744020570.jpg
1744020561.jpg
1744020558.jpg
1744020554.jpg
1744020551.jpg
1744020540.jpg
1744020536.jpg
1744020533.jpg
1744020529.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20241018-WA0028.jpg
1744020573.jpg
1744020570.jpg
1744020561.jpg
1744020558.jpg
1744020554.jpg
1744020551.jpg
1744020540.jpg
1744020536.jpg
1744020533.jpg
1744020529.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бүгүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.

Алсак, №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын  багыты убактылуу өзгөртүлүп,  Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.

Ошондой эле №133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп,  Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды  алдын ала пландап алууну сунуштайт.