Бишкекте бир катар аймактарда газ убактылуу өчүрүлөт – дареги

Коом 137 17 Август 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.57.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Бишкекте газ өткөргүчүндө оңдоо иштерине байланыштуу 17-19-август күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

"Бишкекгаз" кызматынын маалыматына караганда, газ берүү Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Болот Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда токтотулат.

Оңдоо иштери жаратылыш газы менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоону жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө. Абоненттерге газ өчүрүлгөн учурда энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу сунушталды.