Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагына биргелешип саресеп салуунун программасы” аталышындагы жыйын өтүүдө.
Саамалыкка билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас Боулер, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлү Мухаммад Тарик Хан, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан фондунун жетекчиси Давлатсултон Доргабекова жана Билим берүү жана министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Билим берүү министрлигинин өнөктөштөр менен бирге жүргүзүлгөн 2024-жылдагы Билим берүү тармагынынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкуланууда.
Белгилей кетсек, жыйындын негизги максаты билим берүү тармагынын улуттук моделин түзүү, жетишилген прогрессти баалоо, биргеликте көйгөйлөрдү аныктоого жана мындан аркы өркүндөтүү үчүн так жолду белгилөө.
Бул реформанын негизги элементтеринин бири – "Алтын Казык” Билим берүүнү трансформациялоо программасы.
Программанын негизги максаты – билим берүүнүн сапатын жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу, окутуу методикасын жаңыртуу, санариптик технологияларды интеграциялоо, ошондой эле дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен окуу программаларын жана окуу китептерин жаңыртуу.