Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айыпты акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Коом 1630 15 Февраль 2025 12:10
5e19553d-b5f7-4fa6-88cc-3fa56e3161b2.jpg
0d69f626-6a28-4209-944f-ca35a2614527.jpg
6f2d199d-05a4-4613-8877-f9112f685bc8.jpg
207488f4-c760-4a94-8224-8348eef917b1.jpg
a504975a-046e-4d4d-bd0e-08750a7f6285.jpg
Алдыга
Артка
5e19553d-b5f7-4fa6-88cc-3fa56e3161b2.jpg
0d69f626-6a28-4209-944f-ca35a2614527.jpg
6f2d199d-05a4-4613-8877-f9112f685bc8.jpg
207488f4-c760-4a94-8224-8348eef917b1.jpg
a504975a-046e-4d4d-bd0e-08750a7f6285.jpg
Алдыга
Артка
Маматазимов Кутманбек

Маматазимов Кутманбек

Бардык материалдар

Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Бишкекте белгилүү журналист Нарын Айыпты (Идинов Нарынбек Айыпович) акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Иш-чара өзү жашаган 10-кичи районундагы үйүндө өтүп жатат.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана жакын туугандары катышып, эскерип жатышат.

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланган.

Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мүнхенде "Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган.

2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган.

5-каналда алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.