Бишкекте балдарды зомбулуктан коргоо боюнча тегерек стол өттү

Коом 13 июнь 2025 17:31
unnamed-1.jpg
494043641_1157342536435418_8747193962651450436_n.jpg
503638820_1157342449768760_8261353218317409124_n.jpg
504423660_1157342436435428_7017454915814587473_n.jpg
504263834_1157342453102093_4510709997395689572_n.jpg
504431428_1157342456435426_637570801919875014_n.jpg
505808856_1157342463102092_6838610056861687370_n.jpg
506135259_1157342279768777_3860550107608299795_n.jpg
506453498_1157342233102115_907181851738014629_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Жабыр тарткан балдарды эксплуатациядан жана зомбулуктан коргоо боюнча социалдык өнөктөштүк" темасында тегерек стол өттү.

Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги КР балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана "Оазис" фонду менен биргелешип уюштурду.

Тегерек стол Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулуп, эмгек эксплуатациясына жана зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо системасын өркүндөтүү үчүн мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө багытталган.

Тегерек столдо балдарды коргоо чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр талкууланып, аналитикалык материалдар жана жабырлануучу балдарга жолдомо берүү жана колдоо механизмдерин реформалоо боюнча сунуштар берилди.

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Сессиялардын жүрүшүндө зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча институционалдык чаралар, балдар эмгегинин абалына талдоо жана ар кандай кызматтар менен уюмдардын аракеттерин координациялоону жакшыртуу боюнча сунуштар боюнча баяндамалар угулду.