Балдар ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусу курулууда. Качан бүтөт?

Ден соолук Загрузка... 20 Май 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы хирургиялык корпустун курулушу активдүү уланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш иштери 2025-жылдын декабрь айына чейин аяктоо пландалууда. Учурда медициналык жана медициналык эмес жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган.

Жылдан-жылга Бишкек шаарынын калкы жана аймагы кеңейип баратат. Жыл сайын бул ооруканага 280 миңден ашык бала кайрылып, алардын 40%ы ооруканага жаткырылат. Учурда иштеп жаткан хирургиялык корпус 1964-жылы, ал эми соматикалык корпус 1977-жылы курулган.

Койко-орундардын санын көбөйтүү жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2022-жылдын сентябрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы корпусунун капсуласы салынган.

Бүгүнкү күндө имараттын курулушунун 60–65%ы бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо иштери, желдетүү системасын орнотуу жүрүп жатат.

Долбоорду ишке ашыруу тобунун маалыматына ылайык, курулуш мөөнөтү келишим боюнча 3 жылды түзөт, алдын ала маалыматтарга ылайык, объект 2025-жылдын декабрында пайдаланууга берилет.

Төрт кабаттуу хирургиялык корпустун курулушу Сауд өнүгүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланууда.

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, жаңы имарат 212 орунга ылайыкталып жана 8 операциялык блок каралат: ыкчам хирургия, нейрохирургия, жаңы төрөлгөндөрдүн хирургиясы, инфекциялык хирургиялык, көкүрөк хирургиясы жана башкалар.

Мындан тышкары, имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөндөрдүн реанимациясы, урология, травматология, морфологиялык бөлмө, лабораториялык блок сыяктуу бөлүмдөр уюштурулат.