Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры балдар жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрамдык иш-чара уюштурат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 31-май күнү театрдын алдындагы студия жаш көрүүчүлөргө белгилүү "Үч семиз" жомогунун негизинде даярдалган ачык асман астындагы спектаклди тартуулайт.
Спектакль достук, кайраттуулук жана адилеттик тууралуу баяндайт. Көрүүчүлөрдү кызыктуу окуялар, жомоктогу жаркын каармандар жана өзгөчө театр атмосферасы күтөт.
Спектакль 31-майда саат 11:00дө башталат. Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.