Бишкекте баланы мектепке даярдоо канча турат? Баалар

Коом 29 10 Август 2026 16:50
ef1fc850-8fac-4b13-b578-8edea7044f95.width-800.jpg
0da94e1b-aad2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
0f970f79-5cd7-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1cb06aef-009a-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1dfc2fd3-78e8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
4adebbf4-606e-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
4f625d16-31d5-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
8d91f938-f478-47db-b1c0-2f64ddb0d1cc.width-800.jpg
9bc0035c-0144-4769-bb1e-a9cfa496df27.width-800.jpg
d3f45a98-e5b9-4aed-89ed-7740481a036d.width-800.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Жаңы окуу жылынын алдында "Кабар" агенттиги Бишкектеги канцелярдык товарлардын жана мектепке керектүү кийим-кечелердин бааларына көз чаптырып, ата-энелер баласын 1-сентябрга даярдоого орточо канча каражат короторун билип көрдү.

Окуу куралдарынын баалары

Окуу жылы башталар алдында ата-энелер дептер, калем, калемсап жана башка окуу куралдарын сатып алышат. Баалар буюмдун түрүнө, сапатына жана өндүрүүчүсүнө жараша айырмаланат.

9bc0035c-0144-4769-bb1e-a9cfa496df27.width-800.jpg

  • 12 барактуу дептер – 4-7 сом;
  • 48 барактуу дептер – 40-75 сом;
  • күндөлүк – 40-250 сом;
  • калем – 10-50 сом;
  • жөнөкөй калемсап – болжол менен 10 сом;
  • түстүү калемсап – 70-280 сом;
  • өчүргүч – 25-30 сом;
  • сызгыч – 10-30 сом;
  • учтагыч – болжол менен 15 сом;
  • сүрөт тартуучу альбом – 45-110 сом;
  • боёк – 100-400 сом;
  • фломастер – 145-400 сом;
  • пенал – 100-400 сом;
  • мектеп баштык (сумка) – 500-600 сомдон башталат;
  • дептердин мукабасы (25 даана) – болжол менен 100 сом;
  • клей – болжол менен 20 сом;
  • кайчы – болжол менен 50 сом.

"Жунхай" базарында канцелярдык товарлар дүкөнүн иштеткен ишкер Айзат Калил кызынын айтымында, быйыл окуу куралдарынын баасы былтыркыга салыштырмалуу олуттуу өзгөргөн эмес.

0da94e1b-aad2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Анын белгилешинче, окуучуга алгачкы учурда эң керектүү канцелярдык буюмдарды алуу үчүн болжол менен 1000 сом жетиштүү болот.

Мектеп формасы жана бут кийим

Ата-энелердин негизги чыгымдарынын дагы бири – мектеп формасы жана бут кийим. Биз Бишкектеги мектеп формасы менен бут кийимдердин да учурдагы бааларын тактап, окуучуну толук мектепке даярдоого канча каражат керектелерин эсептеп көрдүк.

Баалар:

  • юбка – 500-1200 сом;
  • кофта – 600-1200 сом;
  • шым – 1100-1500 сом;
  • көйнөк – 600-1500 сом;
  • кофта (кардиган) – 2000 сомдон жогору;
  • галстук – болжол менен 150 сом;
  • бут кийим – 1500 сомдон башталат.
d3f45a98-e5b9-4aed-89ed-7740481a036d.width-800.jpg

Бишкектин тургуну Кенже Кубаталиева "Кабар" агенттигине баласын мектепке даярдап бүткөнүн жана кеткен чыгымдарын эсептегенин билдирди. Анын айтымында, быйыл баланы мектепке даярдоо былтыркыга караганда кымбатырак болгон.

"Быйыл уулумду мектепке 20 миң сомго даярдадым. Былтыр 15 миң сом коротком. Менин байкоомдо, быйыл бут кийим жана спорттук кийимдер кымбаттады. Канцелярдык товарлардын баасы да бир аз өстү", – деди ал.

Жыйынтыгында мектепке керектүү буюмдардын баасы алардын сапатына, өндүрүүчүсүнө жана кайсы жерден сатып алынганына жараша айырмаланат. Сатуучулардын айтымында, алгачкы учурда керектүү канцелярдык буюмдардын минималдуу топтомун 1000 сомго сатып алууга болот. Ал эми кийим-кече жана бут кийимди кошкондо баланы толук мектепке даярдоого ата-энелердин эсеби боюнча 20 миң сомго чейин жана андан да көп каражат талап кылынышы мүмкүн.

8d91f938-f478-47db-b1c0-2f64ddb0d1cc.width-800.jpg

Ар бир үй-бүлө баланын керектөөсүнө жана өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүнө жараша мектепке даярдык үчүн бюджетин аныктайт.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу жылы 15-сентябрда башталат. Окуу жылынын башталышы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу жылдырылды. Ошондуктан акыркы күндөрдө кезек жана убаракерчиликке туш болбош үчүн ата-энелерге негизги окуу куралдарын жана мектеп формасын алдын ала сатып алуу сунушталат.