Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкекте “Бакыттан кат” аттуу поэзия кечеси өттү.
Анда акын, журналист, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Максат Жангазиевдин калемине таандык ырлар жаңырды.
Поэзия кечеси акындын ички жан дүйнөсүн иш-чаранын катышуучуларына ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Кечеде көркөм ырлар окулуп, поэзия сүйүүчүлөрүнө жагымдуу маанай тартууланды.