Бишкекте Baatyr Race экстремалдык жарышы өттү

Коом 26 май 2025 14:50
1748246695.jpeg
1748246683.jpeg
1748246674.jpeg
1748246652.jpeg
1748246670.jpeg
1748246667.jpeg
1748246663.jpeg
1748246648.jpeg
1748246644.jpeg
Алдыга
Артка
1748246695.jpeg
1748246683.jpeg
1748246674.jpeg
1748246652.jpeg
1748246670.jpeg
1748246667.jpeg
1748246663.jpeg
1748246648.jpeg
1748246644.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Бишкектеги Каражыгач токоюнда Baatyr Race аттуу кызыктуу экстремалдык тоскоолдуктар жарышы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 500 катышуучуну бириктирген иш-чарага Казакстан менен Өзбекстандан да спортчулар катышты.

Жарыштын негизги максаты – Кыргызстанда сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту өнүктүрүү жана тоскоолдуктар менен жарыштарды жайылтуу. Бул жарыш спорттук гана эмес, социалдык мааниге ээ болуп, ондогон командаларды жана жүздөгөн жеке катышуучуларды активдүү дене тарбияга үндөдү.

Бардык катышуучулар эстеликке медалдары, ал эми жеңүүчүлөргө медалдар, баалуу жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.