Бишкекте БА мамлекеттеринин парламенттер аралык форуму өтөт

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 17:15
31962715_180_0_1620.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. 2025-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарында «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чечимдер» аттуу III парламенттер аралык форуму өтөт.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин парламент төрагаларынын катышуусу күтүлүүдө.

Форумдун негизги максаты – Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.

III парламенттер аралык форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу».

Белгилей кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстан Республикасында, ал эми 2024-жылы Өзбекстанга өткөн.