Бишкекте Азербайжандын маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды

Маданият 25 Апрель 2025 12:10
492372998_981803204111436_762639954642576566_n.jpg
492108576_981802184111538_2877284929848493704_n.jpg
492151644_981801707444919_1639705823935305364_n.jpg
492188366_981802447444845_7443311380768297220_n.jpg
492254466_981803440778079_1956782364643690163_n.jpg
492256979_981801807444909_6720996270160191366_n.jpg
492400686_981803207444769_5640487791885099965_n.jpg
492407582_981802080778215_6106817812893739169_n.jpg
492488010_981803177444772_7233382764678622382_n.jpg
492540410_981802254111531_4850935709010856112_n.jpg
492609037_981803210778102_6099976451194144369_n.jpg
492828433_981803434111413_4098570966394335464_n.jpg
492894857_981801544111602_9116876721008065660_n.jpg
493329304_981803180778105_6624651396962568025_n.jpg
493530286_981803184111438_5171239270007878767_n.jpg
493561542_981803160778107_6955833633582954224_n.jpg
493719297_981801614111595_4468770098718874505_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Күн мурун, 24-апрелде Бишкекте К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң концерттик залында Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий жабылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Маданият күндөрү джаз музыкасына арналган концерттик программма менен жыйынтыкталды.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Өз сөзүндө Тимурлан Ажымалиев эки элдин ортосундагы тарыхый байланыштын, руханий жакындыктын жана маданий кызматташтыктын дагы бир жаркын барагы ачылганын билдирип, Бишкек шаарында өткөн иш-чаралар — көргөзмөлөр, адабий жолугушуулар, концерттик программалар жана театралдык мастер-класстар — биздин коомчулукту чыныгы руханий азык менен байытканын белгиледи.

Өз кезегинде, Азербайжандын маданият министринин орун басары маданият күндөрүн өткөрүүдө түзүлгөн шарттар жана уюштуруу иштери үчүн Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди.

Музыкалык кечте Элбей Мамедзаде (рояль), Салех Мамедов (бас-гитара) жана Эйваз Хашимовдон турган (урма музыкалык аспаптарда) “Этно-джаз” триосу Азербайжан композиторлору Ариф Меликов, Тофиг Кулиев, Вагиф Мустафазаденин чыгармаларынан жана дүйнөлүк классикалардан үзүндүлөрдү джаз стилинде аткарды.

Төрт күндөн бери өтүп жаткан Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле Азербайжан элинин көөнөрбөс бай, маданий мурасын чагылдырган концерттик программалар тартууланып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр уюштурулду.

Маданий кызматташтыкты тереңдетүү максатында өткөрүлгөн Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрү эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө салым кошту.

Эске салсак, Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү Баку шаарында 2024-жылдын апрель айында өткөн.