Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Азербайжан мамлекеттик бий ансамблинин “Менин Азербайжаным” аттуу концерти болуп өттү.
Концерттин жүрүшүндө Азербайжан мамлекеттик бий ансамбли өзүнүн репертуарындагы улуттук бийлери, түстүү костюмдары жана артисттик чеберчилиги менен көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.
Азербайжан мамлекеттик бий ансамбли 1970-жылы Азербайжандын эл артисти, балетмейстер Алибаба Абдуллаев тарабынан негизделген. Учурда ансамблдин курамында 80 бийчи бийлейт. Кыргызстанда өтүп жаткан Маданият күндөрүнө 40 бийчи өнөр тартуулоо үчүн келген. Ансамблдин көркөм жетекчиси Азербайжандын эл артисти Руфат Халилзаде.
Белгилей кетсек, концерт Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган.
"Маданий иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Азербайжандын маданият министри Адил Габиль оглы Каримли, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият жана искусство тармагынын кызматкерлери жана бий өнөрүнүн күйөрмандары катышты",-деп айтылат маалыматта.