Бишкекте “Азербайжан искусствосунун берметтеринде жашаган улуттук мурас” аттуу көргөзмө өтүүдө

Маданият 22 Апрель 2025 16:48
491647891_979414317683658_4574818253918820409_n.jpg
491919926_979414794350277_5368407452996526551_n.jpg
492231612_979414947683595_2445540241420734667_n.jpg
492179725_979414917683598_3821617866337807800_n.jpg
490382297_979414691016954_1714121056064687786_n.jpg
492473973_979414524350304_8568985661688378274_n.jpg
491955827_979414617683628_124727556883660182_n.jpg
491915251_979414101017013_685907745511846344_n.jpg
492537036_979414371016986_8436279193885285293_n.jpg
492500893_979414747683615_2960939869994264200_n.jpg
489928260_979414204350336_158401040702966928_n.jpg
490021065_979414851016938_3042131791536482728_n.jpg
487810541_979414467683643_7726969928674412519_n.jpg
490541429_979412171017206_1709155613932626604_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргызстанда өтүп жаткан Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында“Азербайжан искусствосунун берметтеринде жашаган улуттук мурас” аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөнүн борбордук бөлүгүн Азербайжан станоктук живопистин негиздөөчүсү, көрүнүктүү сүрөтчү Мирза Гадим Эриванинин 200 жылдык мааракесине арналган эмгектери түздү. XIX кылымдагы көркөм искусствонун негизги өзгөчөлүктөрүн чагылдырган бул чыгармалар азербайжан сүрөтчүлүгүнүн өнүгүш тарыхында маанилүү этаптарды көрсөтөт.

Экспозицияда салттуу кол өнөрчүлүктүн өзөгү болгон байыркы килем токуу өнөрү өзгөчө орунду ээледи. Көрүүчүлөргө ворстуу жана ворссуз килемдер, металлдан жасалган көркөм буюмдар, сайма жана XIX кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүлөрү көрсөтүлдү. Бул экспонаттар Азербайжан Улуттук килем музейинин фондунан алынды.

Заманбап авторлордун арасынан Азербайжандын эл сүрөтчүсү Элдар Микаилзаденин эмгектери көрсөтүлдү. Ал учурдагы искусствонун эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп саналат.

Көргөзмөдө “Гурама” деп аталган көркөм текстиль искусствосуна арналган өзүнчө бөлүм чоң кызыгуу жаратты. Бул байыркы лоскут ыкмасын сактап келген жана өнүктүрүп жаткан устат Халида Насирова тарабынан жасалган эмгектерде салт менен заманбаптык айкалышып, өзгөчө чыгармачылык көрүнөт.

“Шебеке” – түстүү айнектерден жасалган көркөм композициялар — көргөзмөдө устат Гусейн Гаджимустафазаде тарабынан мастер-класс форматында көрсөтүлдү. Келгендер ушул өзгөчө кооз кол өнөрчүлүк жаралышынын процесси менен түз таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Көргөзмөнүн зергерлик бөлүгүндө сүрөтчү Физули Ализаденин улуттук орнаменттерге негизделген, ошол эле учурда заманбап стилде жасалган кооз жасалгалары сунушталды.

Көркөм көргөзмөнүн соңунда жаш модельер Зумруд Мирзалиеванын кийим коллекциясы тартууланып, ал өз моделдеринде салттуу орнаменттер менен заманбап формаларды айкалыштырып, өткөн менен бүгүнкү күндүн көркөм диалогун жараткан.

Экспозициянын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — “Карабах — улуттук мурастын элеси” аттуу фотокөргөзмө болуп, ал аймактын маданиятын жана тарыхый маанисин чагылдырган сүрөттөр аркылуу баяндап берди.

Аталган көргөзмө бир нече күнгө созулат.