Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Күн мурун Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Азербайжан искусство чеберлеринин гала концерти өттү.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев бул концерт эки өлкө ортосундагы достуктун жана маданий кызматташуунун айкын символу экенин белгилеп, кыргыз жана азербайжан элдерин көп кылымдык тарых, бай маданий мурастар, каада-салттар жана руханий баалуулуктар байланыштырып турарын айтты.
Гала концертте Азербайжан элинин улуттук ыр-бийлери жаңырып, сахна чыныгы өнөр майрамына айланды. Ошол эле учурда азербайжан улуттук аспаптарынын коштоосунда кыргыз элинин классикалык чыгармалары аткарылды. Өзгөчө жогорку чеберчиликте аткарылган Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү, “Комузчу” элдик ыры, Калый Молдобасановдун “Ысык-Көл вальсы” жана Муратбек Бегалиевдин “Кыргызстан” аттуу чыгармалары көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыды.
Маданий иш-чаралар уланууда.