Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан V эл аралык аялдар бизнес форумунун жүрүшүндө “Аялдар үчүн санариптик өнүктүрүү кыргыз-кытай” борбору ачылды.
Ошондой эле анын алкагында Бүткүл Кытай аялдар федерациясы тарабынан Аялдар конгрессинин облустардагы өкүлдөрүнө 83 даана компьютердин бир бөлүгү расмий түрдө тапшырылды.
Бул демилге аймактардагы аялдарга да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, аларды санариптик экономикага тартууга өбөлгө болот.
Борбор айымдарга төмөнкү багыттарда жардам көрсөтөт:
- Санариптик жана IT багытындагы окууларды уюштуруу;
- Киберкоопсуздук боюнча билимин жогорулатуу жана маалыматтык технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү;
- Аялдарды заманбап компьютердик техника менен камсыздоо жана техникалык колдоо көрсөтүү.
Ошондой эле анда Кытай өлкөсүнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин жаңы ачылган борбор эки өлкөнүн ортосундагы аялдарды колдоо жаатындагы эң маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат экендигин белгиледи.
“Бул максатта Бүткүл Кытай аялдар федерациясы Кыргызстандагы аялдарды колдоо багытында 1 млн 200 миң сом каражат бөлдү. Бул кадамдар аялдардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болуп, кесиптик жактан өсүүгө жана өлкөнүн санариптик трансформациясына салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет деп бекем ишенем. Андан сырткары, жаңы ачылган борборго ийгиликтерди жана жемиштүү кызматташууну, ал эми айымдарга ден соолукту, сулуулукту жана ар тараптуу ийгиликтерди каалайм”,-деди.
Белгилей кетсек, бүгүн, Бишкек шаарында “Түрк элдеринин прикладдык искусствосунун кылымдарды карыткан салттары” аталышындагы Эл аралык аялдардын бизнес форуму өтүүдө. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, элчилер, ишкер айымдар ж.б. катышууда.