Бишкекте аялдамаларда туура эмес токтогон унаалар эвакуацияланды

Коом 7 ноябрь 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-11-06 at 18.42.19.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-06 at 18.42.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-06 at 18.42.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-06 at 18.42.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-06 at 18.42.19 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын «Шаардык жол-транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы аялдамаларда токтоп турган унааларды текшерүү боюнча рейд өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө бир күндүн ичинде аялдамаларда токтоп турган 27 унаа аныкталып, алар айып короосуна сүйрөлүп жеткирилди.

Шаардык бийлик айдоочуларды коомдук транспортко тоскоолдук жаратпоого жана аялдамаларда токтобоого чакырат.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын негизги максаты — коомдук транспорттун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу жана жол кыймылынын эрежелеринин сакталуусун көзөмөлдөө болуп саналат.